2024-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетине кабыл алуу сынагы болуп өттү.

Ага  Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, сот системасынын, Куралдуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Юстиция министрилигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери катышышты.  

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кызмат өтөгөн талапкерлер ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы факультеттер аралык кафедрасында онлайн форматында сынак тапшырышты.

Кабыл алуу сынагын ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамынан түзүлгөн комиссия өткөрдү.

Сынактардан өткөн талапкерлер 5, 2.5, 3.5 жыл аралыгында “Юриспруденция” багытында билим алып, юрист адистигине ээ боло алышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *