Бүгүн 2025-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө “Юриспруденция” багыты боюнча дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, өздүк курам, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана жакындары катышты.

ИИМдин Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев жаш адистерди куттуктап, аларды алдыда жоопкерчиликтүү кызмат күтүп жатканын белгиледи.
“Өлкөбүздүн бейпилдиги жана жарандардын коопсуздугу үчүн ак ниет менен кызмат өтөп, кесипкөйлүктү, мекенчилдикти жана өз ишиңерге берилгендикти көрсөтө аласыңар деп ишенем”, — деп белгиледи өз сөзүндө.

Мындан сырткары бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ардагерлери жана ата-энелери куттуктап, ак жол каалашып, жылуу каалоо-тилектерин айтышты.

Салтанаттуу кече концерттик программа менен коштолду.



