2024-жылдын 22-ноябрында КМШга мүчө-мамлекеттердин Ички иштер министрлигинин (Полиция) билим берүү мекемелиринин Ассоциациясында турган жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин видеоконференция байланышы аркылуу жалпы жыйыны болуп өттү. Анда ички иштер органдарынын жетекчилик курамын даярдоо боюнча маселелер талкууланды.

Жыйында Кыргыз Репсубликасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов кыскача баяндоосун жасап, илимий иш-чаранын ийгиликтүү өтүүсүн каалады.

Заманбап ведомстволук билим берүүнүн өзгөчөлүгү негизинен эл аралык маалымат мейкиндигине интеграциялануу тенденциясы менен байланыштуу болгондуктан жетекчилер Ассоциациянын ишмердүүлүгүндө кесиптик даярдыкты жогорулатууда дал ушул өзгөчөлүктү эске алууну, ошондой эле Ассоциациянын негизги максаты болгон КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын жетекчи кадрларын даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн эл аралык кызматташтыкты мындан да бекемдөө керектигин белгилешти.