2024-жылдын 20-ноябрында Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган “Борбор Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” темасында беш мамлекеттин университеттеринин ректорлорунун үчүнчү форуму өтүүдө.

Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов да катышып жатат.

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттери катышып жатышат.

Университет ректорлорунун форуму Борбор Азиянын жогорку билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү саясатын координациялоо үчүн билим берүүнү интеграциялоо, мобилдүүлүктү күчөтүү, алакаларды жакшыртууга багытталган.

Форумда Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, “Борбордук Азия университеттери бир аймакта болгону үчүн эле эмес, бир абадан дем алган туугандык тилектештик менен эл аралык рынокко туруштук бере алчу билим жана илим платформасын бекемдөө – күндүн талабы!”-, деп белгиледи.