2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан делегация иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында Академиянын ишмердүүлүгү, курсанттар менен угуучулардын билим алуу шарттары, ошондой эле окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен тааныштырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кадрларды даярдоо багытындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана мындан ары өз ара кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.
ИИМдин Академиясынын жетекчилиги эл аралык өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, билим берүү жана кесиптик программалардын алкагында кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.