2026-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында 2025-жылдын 12 айында аткарылган кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана факультеттердин жетекчилери катышты.
Жыйында милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов Академиянын аткарган ишмердүүлүгүнө токтолуп, жетишкендиктерди, ошондой эле билим берүү процессиндеги актуалдуу маселелерди белгилеп өттү. Ал окуу процессинин сапатын мындан ары жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын кеңири киргизүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, окуу процессинин сапатын көзөмөлдөө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.