2025-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясында «Уңгужол жана мамлекеттик тил» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамын, ошондой эле ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган ведомстволук буйруктар менен тескемелерди ишке ашыруу алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын кызматкерлери Октябрь Капалбаев жана Мундузбек Абдыжапар уулу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Сүйүнбек Омурзаков, Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев, жана башка ЖОЖдордун илимий кызматкерлери жана ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун уңгужол жөнүндөгү Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу аркылуу нарктуу, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоо, укук коргоо органдарына татыктуу кадрларды даярдоо, жаштарды мамлекеттин жаркын келечеги үчүн ак кызмат кылууга үндөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уңгужолдун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана практикада пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан сунуштама иштелип чыкты.

Leave a Reply