2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2024-жылдын тогуз айында аткарган ишмердүүлүгү боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана түзүм башчылары катышышты.

Жыйында Адылбек Бийбосунов окуу жайдын тогуз ай аралыгында аткарган ишмердүүлүгү менен таанышып, жетишкендиктер, жакшы өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп Академиянын өздүк курамына ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, кеңешменин жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары тарабынан төмөндөгүдөй тапшырмалар коюлду:

  • -Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чараларга дыкат даярдыктарды көрүүнү;
  • -Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн корутундусунда келтирилген кемчиликтерди жөнгө салуу жана алдын алуу боюнча тапшырмаларды берип, тиешелүү кызматтардын башчыларына аткарылган иштер боюнча маалыматтарды өз убагында жеткирүүнү;
  • -Билим берүүнүн  сапатын жогорулатуу максатында заманга ылайык жаңы багыттарды, ыкмаларды иштеп чыгуу, тартипти бекемдөө, тартип бузууларды алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү.

Leave a Reply