2025-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында кезектеги саптык тизилүү өткөрүлдү.

Академиянын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев алдыдагы жумалык иш-мерчемдерге токтолду жана өткөн жумада өткөрүлгөн иш-чараларга сереп салды.

Саптык тизилүүнүн жүрүшүндө кызматтык тартипти сактоо, жоопкерчилик жана кызматтык милдеттерди так аткаруу боюнча тиешелүү нускамалар берилди. Ошондой эле өздүк курамга бир катар тапшырмалар жүктөлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окууда, илимий, коомдук жана спорттук тармактарда жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп, Академиянын аброюн жогорулатууга салым кошкон курсанттарга «Билим. Мыйзам. Намыс» төш белгиси тапшырылды.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарып, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Leave a Reply