Үстүбүздөгү жылдын 23-август күнү ИИМдин Академиясында Түркия Республикасынын жана Россия Федерациясынын ички иштер министрликтеринин окуу жайларынан билим алууга кетип жаткан  курсанттардын кыргыз элинин алдында ант берүү аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, курсанттардын ата-энелери, жакындары жана Академиянын өздүк курамы катышты.

Быйыл, Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин окуу жайларына 10, ал эми Түркия Республикасынын ички иштер министрлигинин окуу жайларына 5  курсант билим алууга жөнөп жатышат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына атайын сынактардан өтүү менен кабыл алынып, чет өлкөдө билим алууну самаган курсанттарды, окуу жайдын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов куттуктады.

«Бүгүн биз үчүн абдан кубанычтуу күн жана сыймыктуу иш-чара. Анткени кыргыз милициясынын катары жаш, энергиялуу, окуйм, үйрөнөм, элимди кылмыштуулуктан коргойм деген эр азаматтар менен толукталып жатат.

Урматтуу курсанттар, ант беришиңер менен чын дилден куттуктаймын! Мындан ары силер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты аталып биз менен кесиптеш болдуңуздар.

Сиздер тандаган кесип жооптуу, кооптуу, кыраакылыкты, өжөрлүктү жана талыкпаган эмгекти, анан албетте жогорку, сапаттуу билимди талап кылат.

Ал эми бүнүнкү күндө силерге коюлган эң негизги талап, татыктуу билим алуу. Аны менен бирге чет жерде өз элиңердин намысын бийик көтөрүү милдети да жүктөлдү. Мен ишенем, ал жакта жетиштүү билим алып, мол тажрыйба топтоп өз жериңерге келип, элдин үмүтүн актаган чыныгы милиция кызматкери, мыкты укук коргоочу болосуздар деп» – деди өз куттуктоосунда башчы. Ошондой эле, Академиянын башчысы кыргыз элинин тынчтыгы, амандыгы үчүн дал ушундай эр азаматтарды өстүрүп, тарбиялаган ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди