2024-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында 1-сентябрь билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Саптык тизилүүгө окуу жайдын жетекчилги жана өздүк курамы катышты.

Иш чарада ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов билим күнү жана окуу жылынын башталышы менен жалпы эмгек жамаатты, курсанттарды жана студенттерди куттуктады.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында кызматкерлерге кезектеги наамдар ыйгарылды.

Ошондой эле спортто ийгилик жараткан кызматкерлер жана курсанттар сыйланды.

Сапка тизилүү өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Бул күнү 1-курстун студенттерине жана курсанттарына багыт берүүчү алгычкы сабактар өткөрүлдү.