2025-жылдын 28-июль күнү Ички иштер министрлигинин Академиясында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин бөлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун төрагасынын орун басары- Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун коомдук коопсуздук департаментинин башчысы Пан Си баштаган Кытай Эл Республикасынын делегациясы катышышты. Анын курамына Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигине караштуу Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин жана кызматтарынын өкүлдөрү кирген.

Жолугушуунун негизги темасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу долбоорун ишке ашырууда коопсуздукту камсыздоо болду. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында коомдук тартипти сактоо жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен ишти улантуу жана ведомстволор ортосундагы туруктуу кызматташтыкты колдоо ниетин тастыкташты.

Leave a Reply