2025-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясында салтанаттуу иш-чара өтүп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 3 кызматкер ардактуу эс алууга узатылды.
Салтанаттуу иш-чарада ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев куттуктоо сөз сүйлөп, ардагерлердин мекенге жана элге кылган кызматына жогору баа берди.
Ал өз сөзүндө ардагерлердин кесипкөйлүгү жана ак ниет кызматы жаш кызматкерлер үчүн үлгү болоорун белгилеп өттү.
Ардактуу эс алууга узатылган кызматкерлер:
милициянын полковниги Садабаев Солдатбек Эмилбекович – Академиянын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин башчысы;
милициянын полковниги Орозбаев Марат Тургунбаевич – Академиянын факультеттер аралык кафедрасынын (Ош шаары) башчысы;
милициянын полковниги Турусбеков Ратбек Убайдылдаевич – Академиянын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин башчысы.
ИИМдин Академиясынын өздүк курамы жана жетекчилиги ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана узун өмүр каалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов ардагерлерге медалдарды тапшырып, жылуу каалоо-тилектерин айтты.
Ошондой эле кесиптештери жана курсташтары иш-чарага катышып, кызматтагы жетишкендиктери менен бөлүшүп, белектерин беришти.
Ардагерлер өз сөздөрүндө эмгек жолун эскерип, жаш муундарга ак тилектерди айтышты.
Ардагерлер — бул өткөндүн даңктуу барагы, келечек муундар үчүн жол көрсөткөн шам чырак.
Урматтуу ардагерлер, сиздердин артта калтырган жолуңуздар – бүгүнкү жана эртеңки муун үчүн сыймыктуу сабак.