2022-жылдын 6-апрелинде ИИМдин Академиясында 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында коомдук коопсуздукту камсыздоодо кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон курсанттар Кущ Никитаны жана Эдил Такырбашевди эскерүү иш-чарасы өттү.

ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, өздүк курамы жана курман болгон курсанттардын жакындары “Даңк” мемориалына гүл коюшуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, куран окутулду.

ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов иш-чараны ачып жатып, Мекен үчүн өз өмүрлөрүн аябастан, кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгон курсанттардын ата-энелерине ыраазычылык билдирип, алардын эл үчүн жасаган эрдиги, өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү болгонун жана өзгөчө таасир калтырганын билдирди. Курсант Никита Кущтун апасы Лидия Юрьевна жана Эдил Такырбашевдин эжеси Айнура Такырбашева каза болгон курсанттардын элесин унутпай , жаңы муунга жеткирип келе жаткан ИИМдин Академиясынын өздүк курамына ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *