9-сентябрь улуттук маданиятыбыздын символу болгон музыкалык аспап комуз күнү ИИМдин Академиясында белгиленди.

Окуу жайдын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү аталган күнгө карата иш-чара уюштуруп, ага курсанттар жана стденттер катышышты.

Иш-чарада комуз күнүнүн белгиленип калышы, аспаптын тарыхы жана улуу комузчулар туурасында маалыматтар берилди.

Ал эми студенттер жана курсанттар белгилүү күүлөрдү аткаруу менен иш-чарага көрк кошушту.

Leave a Reply