2025-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында «Балдардын укуктарын зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо” аталышында эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, Президенттин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гульмира Кыштобаева, акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, билим берүү жана илимий мекемелердин, коомдук уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.

Конференция офлайн форматта өттү. Ал эми чет өлкөлүк катышуучулар тексттик жана видео баяндамалары менен сырттан катышуу форматында катыша алышты.

Конференциянын негизги максаты – балдардын укуктарын коргоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо, илимий жана практикалык билимдер менен бөлүшүү, ошондой эле балдарга карата зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин алдын алуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Бийбосунов жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоодо укук коргоо органдарынын жана социалдык институттардын ролу боюнча сөз сүйлөдү.

Конференция балдардын укуктарын коргоо боюнча маселелерди талкуулоо жана аны өркүндөтүү боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду. Катышуучулар бул багытта мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын жана коомдук институттардын кызматташтыгын жана аракеттерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.



