1-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Ардагерлер күнү белгиленип, окуу жайдын жетекчилиги жана өздүк курамы ардагер милиция кызматкерлерин куттукташты.

Салтанаттуу иш-чарада Академиянын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев сөз сүйлөп, ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирди. Ал милиция тармагын өнүктүрүүгө жана коомдун коопсуздугун камсыздоого өмүрүн арнаган ардагерлердин эмгеги тарыхта алтын тамгалар менен жазылып каларын белгилеп, алардын кесипкөйлүгү жаш муун үчүн өрнөк экенин айтты.

Өз кезегинде ардагерлер да жаш кызматкерлер менен тажрыйбаларын бөлүшүп, кызматтагы кыйын учурлар жана аларды жеңүү жолдору тууралуу баяндап беришти. Алар тартипке бекем, элге кызмат кылууда чыдамкай жана адилет болуу керектигин баса белгилеп, өздүк курамга ак жол каалашты.

Мындай жолугушуулар Академия курсанттары жана кызматкерлери үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ.

Себеби милициянын башкы пайдубалы болгон ИИМдин Академиясы келечектеги тартип сакчыларын тарбиялап, мекен үчүн таза жана ак ниет кызмат өтөөгө багыт берет.
ИИМдин Академиясынын жетекчилиги бардык ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалап, алардын кызматын баалоо жана урматтоо — ар бир милиция кызматкеринин ыйык парзы экенин баса белгиледи.
