2025-жылдын 29-январында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өтүүдө.

Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, алардын орун басарлары, райондук-шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйында беш маселе каралды: Ички иштер органдарынын 2024-жылда аткарган ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары, жарандардын арыз-даттануулары, алардын чечилиши жана элди тейлөөнүн сапаты, жарандардын арыз-даттануулары, алардын чечилиши жана элди тейлөөнүн сапаты, ошондой эле ички иштер министрлигинин иш-мерчемдерин жана стратегиялык маанилүү мерчемдерин бекитүү маселелери каралды.

Коллегияны ачып жатып Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин жыл ичинде аткарган иштерине токтолду:

«Кыргыз милициясы – кайсы гана мезгил болбосун, коомго ак кызматын аркалап, элибиздин коопсуз жашоосу баарынан маанилүү экендигин ачыктап, калкыбыздын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга жетише алдык. Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктө чукул бурулуштарды жасап, заманбап санарип тармагы аркылуу өтө актуалдуу жана күнүгө көйгөй жаратып келген бир катар оор маселелерди чечтик жана мындан ары, дагы ырааты менен чече бермекчибиз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин өлкөбүздө акыркы төрт жыл аралыгында тарыхта кала турган чоң өзгөрүүлөр болду. Мамлекетибиздин өзөгүн түзгөн бюджеттен баштап, жер-жердеги өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиктерине чейин, мыкты шарттар түзүлүп, көзгө көрүнөөрлүк миңдеген жакшы иштер жасалды.

2024-жылы республиканын баардык аймактарында коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп,калкыбызга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, эл арасында резонанс жараткан окуяларды болтурбоо, ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртып, өнүктүрүү жана башка баардык багыттар боюнча ири масштабдуу иш-чараларды өткөрдүк. Натыйжада, 2024-жылы өлкөбүздө кылмыштуулуктун деңгээли азайып, катталган кылмыштардын дээрлик көпчүлүгү төмөндөп, кылмыштардын бетин ачуу позициясы бир кыйла жакшырды. Мына ушуга окшогон талыкпаган дагы башка жүздөгөн эмгектердин натыйжасында, 2020-жылга чейин биздин өлкөбүз коопсуздук жаатында дүйнө жүзү боюнча 71-орунду ээлеп келсе, 2024-жылы 24-орунга көтөрүлдү.

Эл арасында бекем тартипти орнотуу, баарына бирдей болгон укуктук нормаларды туура сактоо, жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде сапатуу сервистик тейлөө көрсөтүү, милициянын дараметин жогорулатып, тездик менен ыкчамдыктыкалыптандыруу жаатында эң мыкты иштерди жүргүзүүгө жетише алдык. Жаңы образды жана заманбап милдеттерди өзүнө камтыган, элибиздин коопсуздугун жаңы көз карашта камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар, жогорку деңгээлдеги коопсуздук системасын ишке киргиздик. Жарандардын күнүмдүк жашоо турмушуна коркунуч жараткан факторлорго бөгөт коюп, ар түрдүү коркунучтарга каршы туруштук бере ала турган заманбап милициянын ишмердүүлүгүн түзүүгө жетише алдык. Мурда кыялдарда гана жашап, кол жеткистей сезилген коопсуздук тутумун түптөп, ага улай, өздүк курамдын иштөө методикасын жана ыкмаларын жаңылатып, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, ыкчамдык менен тездикти бир калыпка салдык»,- деди ИИМ башчысы.

Ички иштер министри белгилегендей, 216 кызматкерди эң арзан баадагы ипотекалык үйлөр менен камсыз кылынды. Бул иш-чараны дагы улантып, быйылкы жылы баардык региондорго кызматкерлер үчүн жалпысынан 670 батирлүү турак-жайлардын курулушу башталды. Буюрса, эки жылда курулуш иштерин толугу менен аяктап, турак-жайга муктаж болгон баардык кызматкерлерге таратып берүүнү пландап жатат. Мындан тышкары, өздүк курамдыништөөсүнө ар тараптуу шарттарды түзүп, бир топ материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалып, заманбап технологиялык шаймандарды алынып, имараттарды курулуп, дагы башка ушул сыяктуу жүздөгөн иштер жасалды.

Коллегиянын жүрүшүндө, 2025-жылы ички иштер министрлиги жана анын баардык бөлүктөрү негизги 4 багытта иш алып барууга милдеттүү экендиги баса белгиленди. Алар, санарип милиция системасын түптөп, “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу, ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөө жаатында курулуш иштерин жүргүзүүнү улантуу, кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу ишмердигин күчөтүп, элге сапаттуу сервистик тейлөө жумуштарын жакшыртуу максатында, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана дайыма элдин талкуусун жараткан үй-бүлөлүк зомбулуктарга бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды алып баруу. Иш-чаранын жүрүшүндө, терс көрүнүштөрдү пайда кылып, элдин тынчын алып жаткан баардык маалыматтарга, өз учурунда мониторинг жүргүзүп, чектен чыккан мыйзам бузуу фактылары боюнча катуу чараларды көрүү жумуштарын алып баруу талап кылынды. Кылмыш катталып же эл арасында резонанс жараткан окуялар орун алгандан кийин, күнөөлүү адамды кылмыш жообуна тартып эле чектелбестен, окуянын келип чыгуу себептерине өзгөчө көңүл бурулып, айрыкча, жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга жана 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштар арасындагы терс көрүнүштөргө бөгөт коюуга басым жасалышы айтылды.

Өздүк курамды “Мекен”, “Намыс”, “Жоопкерчилик” сыяктуу бийик баалуулуктарга умтулууга тарбиялап, өз милдеттерин жакшы түшүнүп, так аткарган адам гана – ар бир иште адилеттүү болуп, элдин ишенимин актай алаарын окутуп-үйрөтүңүздөр,-деди Улан Ниязбеков.

Отурумда ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, дагы бир маанилүү өлкө башчы тарабынан кол коюлган “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамындагы каралган өзгөчөлүктөргө жана талаптарга токтолуп өттү. «Мыйзамга ылайык, коррупцияга шектелип кармалгандарга жаза чаралар күчөтүлүп, мурдагыга караганда бир кыйла катаалдаштырылды. Коррупциялык кылмыштар менен соттолгондор, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда өмүр бою иштей алышпайт. Кайсы гана адам болбосун, коррупциялык кылмышы үчүн кармалса, сөзсүз түрдө камакка алынат жана келтирген чыгымды төлөсө дагы жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөп бүтмөйүнчө боштондукка чыга албайт.

Коррупцияга шектелип кармалган адамга карата соттун өкүмү күчүнө кирген учурда, анын үй-бүлөсү, бир туугандары, ата-энеси мамлекеттик кызматтардан бошотулуп, мүлкү конфискация болот. Мындан ары, кайсы бир кызматкер пара алып же бирөөнү пара берүүгө мажбурлап, жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген фактысы аныктала турган болсо, анда түздөн-түз жетекчилери тартип жазасы менен гана кутулуп кетпестен, токтоосуз түрдө ээлеген кызматынан бошотуу чечимин да кабыл алабыз. Бул мыйзамдын негизги максаты – өлкөбүздө коррупциялык көрүнүштөрдү биротоло жок кылуу жана экономикалык өсүп-өнүгүүлөргө кедергисин тийгизип жаткан көрүнүштөргө чекит коюу болуп эсептелет»,- деп баса белгиледи Улан Ниязбеков. Мындан сырткары, жыйында 12 ай ичиндеги кемчиликтер менен көйгөйлөр талкууланып, алдыга коюлган максаттар белгилене тургандыгын билдирди. Андан соң жалпы баяндама жасоо үчүн сөз ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго берилип, ички иштер органдарынын 2024-жылдын 12 ай ичиндеги аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply