Урматтуу абитуриенттер!

Бүгүн, 2025-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына тапшыруу үчүн ЖРТ талон таштоонун 2-туру башталды.

Эгерде сиз 1-турда талон таштаганга жетишпей калсаңыз же окууга өткөндөрдүн тизмесине кирбей калсаңыз — экинчи турда катышуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Экинчи тур Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 11-июлундагы “2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алуу графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына 2025–2026-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турлары жана кабыл алууну өткөрүү графиктерине ылайык жүргүзүлүүдө.

Толук маалымат: 2020.edu.gov.kg

Leave a Reply