15-ноябрда ИИМдин Академиясына окуу курсуна келген Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин 1-курсунун студенттери сабактан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма-сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти.
Студенттерди аталган кызматтын башчысы милициянын полковниги Тилек Оторов тосуп алды.
Студенттер Басма-сөз кызматынын бөлүмдөрү, алардын милдеттери жана чыгармачыл өздүк курамы менен таанышышты.
Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамиле түзүү, аларга маалымат берүү эрежелери боюнча кеп-кеңештерге ээ болушту.