2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары жана студенттери Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, билим берүүсүнүн отличниги, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Аттокур Жапанов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө илим-билимге ат көтөргүс салым кошкон илимпоз агай Ата Мекен, туулган жер, эне тил, ата-бабалар наркы, мекенчилдик, атуулдук милдет тууралуу маек куруп, курсанттардын суроолоруна да жооп берди.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасы тарабынан уюштурулду.