Ардактуу биздин профессордук-окутуучулук курам!

Сиздерди билим берүү кызматкерлеринин күнү менен жалпы өздүк курамдын атынан чын жүрөктөн куттуктайм!

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мугалимдер менен байланыштуу эмеспи. Сиздер элибиздин коопсуздугун, укуктарын коргоп тынчтыгын сактай турган милиция кызматкерлерин дайындап келе жатасыздар.

Бүгүнкү күндө сиздер окуткан курсанттар жана студенттер өлкөбүздүн анын ичинде Ички иштер органдарынын ар бир тармагында ийгиликтүү кызматын өтөп келе жатышат. Буга сиздердин салымыңыздар зор!

Академиядан ардактуу кесиптин ээси болом деп келген, ар бир курсантка жана студентке жан-дилиңер менен илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн сиздерге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Мына сиздер, билим берип, кесипке багыттап, ошол эле учурда коомго пайдалуу инсан кылып тарбиялоо менен чоң милдетти аркалап келе жатасыздар.

Кымбаттуу профессордук-окутуучулук курам Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Келечек муундарыбызга сапаттуу билим берүүдөн талбаңыздар!

Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!