Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында тарбия бөлүмү тарабынан Академиянын ардагери милициянын отставкадагы полковниги Ө. Байгазиев менен курсанттардын жана студенттердин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшү абдан кызуу уланып, жаштарды кызыктырган суроолорго ардагер жооп берип, эркин форматта маек курушту.

Андан соң Өмүрбек Байгазиев экстремизмди, терроризмди алдын алуунун жолдору жана улуттар аралык биримдикти чыңдоо жөнүндө чакан баяндама окуп берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *