2024-жылдын 16-23-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары отставкадагы милициянын полковниктери Өмүрбек Байгазиев жана Марат Алыкулов менен жолукту.

Ардагерлер көп жылдар бою ИИМдин Академиясында эмгектенип, бөлүм башчысы, кафедра башчысы болуп кызматын өтөп,  билим берип, ардактуу эс алууга чыгышкан.

Жолугушууда ардагерлер кызмат учурундагы кызыктуу күндөрүн эске салып, аны менен бирге акыл насааттарын, кеп-кеңештерин да айта кетишти.

Мындан сырткары 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы тууралуу кенен түшүндүрмө беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *