Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгын утурлай,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары согуштун ардагерлерин куттукташты.  

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, өз каалоосу менен 1944-жылы фронтко кетип, советтик армиянын катарында Германиянын Берлин шаарына чейин жеткен Мамбеткожоев Садыр атанын үйүнө барышып, майрамы менен куттукташып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Андан соң,  1943-жылдан баштап темир жолдорун коргоо боюнча 5222-аскер бөлүгүнүн байланыш взводунда кызмат өтөгөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафина Хатила Шариповнаны майрамы менен куттукташып, азык түлүк жана акчалай жардам беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *