2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына жана ИИМдин Академиясынын “Мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо жана өткөрүү” жөнүндө тескемесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын 33 жылдыгына карата 2-3-курстун курсант, студенттеринин арасында уюштурулган “Акыл таймаш” оюну болуп өттү.

Оюн командалардын кыскача саламдашуусу, ат жактоосу, ураан айтуусу менен башталып, төрт бөлүктөн турган тапшырмаларды аткаруу менен уланды.

Биринчи тур “Улут! Эл! Мамлекет” деп аталып, анда командалар кыргыз элине, жалпы эле мамлекеттүүлүгүнө тиешелүү суроолорго жооп беришти. Экинчи турда “Сөз куржун” бөлүмүнүндөгү сөздөрдүн лексикалык маанилери, макал-ылакаптар, туруктуу сөз айкаштары боюнчалар тапшырмалар берилип, оюнчулардын сөз байлыгына баа берилди. Үчүнчү тур “Сөз оюн” деп аталып, анда оюнчулардын сөз байлыгы, тапкычтык жөндөмдүүлүгү, логикасы сыналды. Андан соң, төртүнчү тур “Сабаттуу жазуу – жашоонун талабы” деген ураандын астында, катышуучулар өздөрүнүн орфографиялык сабаттуулугу боюнча күч сынашты.

“Акыл таймаш” оюнунун жыйынтыгында биринчи орунга «Кут билим» командасы, экинчи орунга «Биримдик» командасы, үчүнчү орунга «Улама» командасы ээ болду. Женүүчүлөргө дипломдор, чакан белектер тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *