2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы факультеттер аралык кафедрасы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына  арналган кичи футбол боюнча Ак-Тулпар спорттук комплексинде мелдеш өткөрдү.

Спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы факультеттер аралык кафедрасынын башчысы, профессордук-окутуучулук курамы жана азыркы учурда квалификациясын жогорулатуу курсун өтүп жаткан Баткен, Жалал-Абад, Ош областык жана  Ош  шаардык ички иштер башкармалыктарынын күзөт кызматынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын, атайын багыттагы полкунун жана ички аскерлеринин кадрлар кызматтарынын  өздүк курам  менен иштөө жана кесиптик даярдык боюнча улук тескөөчү  жана тескөөчүлөр арасында өткөрүлдү.

Достук беттешүү жаштарды спортко жана сергек жашоого үндөө менен улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *