Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин адъюнктурасынын жана докторантурасынын сырттан окуу формасында окутуу үчүн документтерди кабыл алат.
Конкурска катышууга төмөнкүлөр чакырылат:
- бюджеттик негизде – Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамдагы кызматкерлери;
- акы төлөөнүн негизинде – Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо, көзөмөлдөө жана фискалдык органдарынын, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана сот тутумунун кызматкерлери, ошондой эле адистик же магистратура программалары боюнча жогорку юридикалык билими бар мамлекеттик кызматчылары.
Даярдоо багыттары:
Адъюнктуранын сырттан окуу формасында төмөндөгү адистиктер боюнча:
-12.00.01 – укук жана мамлекеттин теориясы жана тарыхы; укук жана мамлекет жөнүндөгү окуулардын тарыхы;
– 12.00.02 – конституциялык укук; муниципалдык укук;
– 12.00.03 – жарандык укук; ишкердик укугу; үй-бүлөлүк укук; эл аралык жеке укук; жарандык процесс;
– 12.00.08 – кылмыш-жаза укугу жана криминология; кылмыш-жаза-аткаруу укугу;
– 12.00.09 – кылмыш-жаза процесси; криминалистика; ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү;
– 12.00.10 – эл аралык укук; европалык укук;
– 12.00.11 – соттук бийлик; прокурордук көзөмөл; укук коргоо ишмердүүлүгүн уюштуруу;
– 12.00.14 – административдик укук; финансылык укук; маалымат укугу.
Адъюнктурада сырттан окуу формасы боюнча окуу мөөнөтү – 4 жыл.
Докторантуранын күндүзгү (дистанттык) окуу формасында төмөндөгү адистиктер боюнча:
– 12.00.08 – кылмыш-жаза укугу жана криминология; кылмыш-жаза-аткаруу укугу;
– 12.00.09 – кылмыш-жаза процесси; криминалистика; ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү;
– 12.00.11 – соттук бийлик; прокурордук көзөмөл; укук коргоо ишмердүүлүгүн уюштуруу.
Докторантурада күндүзгү (дистанттык) окуу формасы боюнча окуу мөөнөтү – 4 жыл.
Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 5-августуна чейин жүргүзүлөт.
Байланыш маалыматы:
Тел.: +996555444967
+996995094609
E–mail: fakultet.4@bk.ru
Дареги: Бишкек шаары, Ч.Валиханов 1а көчөсү. Илимий жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоо факультети.