26-27-майда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери катышмакчы. Ошого карата,  бүгүн, 20-майда ИИМдин Академиясында жалпы саптык кароо болуп өтүп, кызматкерлердин сырткы келбети, чөнтөк шыймандары текшерилди. ИИМдин Академиясынын жетекчилиги тарабынан кетирилген кемчиликтер белгиленип, аларды жоюуга мөөнөт берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *