27-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрү үчүн таанышуу экскурсиясы уюштурулду. Студенттер Академиянын музейи менен таанышып, окуу жайдын тарыхы, каада-салты, окутуучу курамы жана курсанттын күнүмдүк жашоосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Андан соң, криминалистикалык полигондо, китепканаларында, спорт залдарында болушуп, ок атуучу жайы менен да таанышышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *