🔶Ички иштер министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күжүрмөн аскердик даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата атайын иш-чараларды жүргүзүүдө.

🔶Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун буйругунун талаптарын аткаруу максатында министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ИИМдин 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык Ички иштер министрлигини Эргеш Алиев атындагы Академиясынын, Республикалык окуу борбордун, ЖКККББнын жана Бишкек шаардык кайгуул милициясы башкармалыгынын өздүк курамын “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерүүгө алды.

🔶“АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Эргеш Алиев атындагы Академиянын, Республикалык окуу борбордун, ЖКККББнын жана Бишкек шаардык кайгуул милициясы башкармалыгы боюнча өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду.

🔶Бирок, кызматтык күжүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча боюнча бир катар кемчиликтер орун алган жана ошондой эле ИИМдин бир катар буйруктарынын аткарылышы тиешелүү талаптарга жооп берген эмес.

🔶Жыйынтыгында Эргеш Алиев атындагы Академиянын, Республикалык окуу борбордун, ЖКККББнын жана Бишкек шаардык кайгуул милициясы башкармалыгына иш чаранын жүрүшүндө табылган кемчиликтерди тез арада жойуу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *