2023-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында коомдук коопсуздукту камсыздоодо кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон курсанттар Кущ Никитаны жана Эдил Такырбашевди эскерүү иш-чарасы өттү. Окуу жайдын жетекчилиги, өздүк курамы жана курман болгон курсанттардын жакындары Академиянын “Даңк” мемориалына гүл коюшуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, куран окутулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *