25-декабрда ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанттары Чынгыз Айтматовдун калемине таандык  “Эрте келген турналар” повестинен үзүндү аткарышты.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, өздүк курамы жана курсанттары катышышты.

Курсанттар аткарылган сценканы менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 10дон ашык республикалык жогорку окуу жайлар катышкан сценка сынагында бир катар ири университеттерди артка калтырып байгелүү орундуу ээлешкен. Чыгарма аткарылып бүткөн соң ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов курсанттарга ыраазычылык билдирип, куттуктап, каалоо тилегин айтып, ийгиликтерди каалады

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *