Президенттин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Жарлыгынын негизинде курсанттардын жана студенттердин арасында ынтымакты, биримдикти бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дене тарбияга даярдык кафедрасы 2023-жылдын 23-29-ноябрь күндөрү эркектер арасында волейбол боюнча биринчилик уюштуруп өткөрдү.

🎤“А эмнеге дал волейбол боюнча биринчилик уюштурудуңар”? деген суроого Дене тарбияга даярдык кафедрасынын башчысы милициянын полковниги Нурбек Камчыбеков: “Волейболдун активдүү көнүгүүлөрү физикалык жана психоэмоционалдык абалды жакшыртууга жардам берет. Мисалы, көрүү анализатору, кыймыл жөндөмдөрү жакшырат, булчуң-байланыш аппараты, жүрөк-кан тамыр системасы жана башкалар чыңдалат”–деген жообун берди.

🔥Оюн абдан кызыктуу өтүп, көрүүчүлөр жана күйөрмандар энергиянын, экстремалдык эмоциянын чоң зарядын алышты.

🏆Биринчиликтин финалына чыккан командалардын арасынан оозуп чыгып байгелүү

🥇1-орунду Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун студенттери,

🥈2-орунду Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 4-курсунун курсанттары,

🥉3-орунду Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсунун студенттери ээлешти.

📍Эмки кезек кыздардын волейбол боюнча биринчилигинде.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *