Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында “Чыңгыз Айтматовдун керемети жана эсте калаар каармандары”  аттуу маданият кечеси болуп өттү. Иш-чара кыргыз элинин көөнөргүс сыймыгы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Ак кеме”, “Куш өмүр” жөнүндө кинобаян менен башталып, фильмдеринен үзүндүлөр көрсөтүлүп, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон каармандары жөнүндө видео тасма тартууланды.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасындагы  Ысмайылдын ролун жараткан Одуракаев Бусурман Кожокулович жана “Ак кеме” повестиндеги Нургазынын ролун жараткан Сыдыгалиев Нургазы Бектурович менен жолугушуу болуп, актерлер Кыргызстандагы киноиндустрия, адабият жана маданият чөйрөсүндөгү маалыматтарга токтолуп, роль жаратуудагы кызыктуу окуялар тууралуу маек куруп, курсанттардын кызыктырган суроолоруна да жооп беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *