2023-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда жогорку окуу жайлар арасындагы “Чептен эрдин күчү бек” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы барып катышып келди.

Конференциянын максаты – ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүү сезимин өстүрүү, өсүп келе жаткан жаш муундарды Мекенди сүйүүгө, коргоого жана аны көздүн карегиндей сактоого үндөө, Баткен коогалаңында курман болгон баатырлардын элесин эскерүү жана кыргыз элинин баатырларынын көрсөткөн эрдиктерин жана каармандыктарын жаштарга үлгү катары көрсөтүү.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанты Досалиев Санжар видеороликтин коштоосунда «23-февраль – Мекен коргоочулар күнү» темасында докладын окуп берди. Аталган иш-чарага ИИМдин Академиясынын начальиниги милициянын полковниги Т. Абитов, орун басары А. Джоробекова, Тарбия бөлүмүнүн начальниги, окутуучулар, Академиянын хор коллективи жана курсанттар катышкан.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *