30-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык-руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана келе жаткан 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата Аскердик, атайын-тактикага даярдык кафедрасы тарабынан уюштурулган интеллектуалдык сынак болуп өттү.
Иш-чарага 1-курстун курсанттарынын арасында уюштурулуп, үч этаптан турган. Биринчи этабында катышуучулар, өздөрүнүн командасын тааныштырып, эмблемаларынын чечмелениши тууралуу айтып беришти.

Экинчи этап суроо-жооп форматында өтүп, командалар Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө суроолорго жооп беришти.
Үчүнчү этапта Калашников автоматын (АК- 47) толук эмес чачып, кайра чогултуу боюнча командалар таймашты.
Үч этаптын жыйынтыгы менен Биринчи орунга “Зенит” командасы, экинчи орунга “Панфиловчулар”, үчүнчү орунга “Ракета” командасы ээ болушуп, грамота жана дипломдор менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *