2023-жылдын 4-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында аткарылган иштер жана жылды ийгиликтүү жыйынтыктоо багытында онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн чогулуштун жүрүшүндө Улан Ниязбеков коомдук-саясий кырдаалга мониторинг жүргүзүп, ар бир айылдын, шаардын, райондун, облустун ичиндеги элдин тынчын алган көйгөйлөрдү талдап, коомдук тартипти сактоодо ишмердүүлүктү күчөтүү керектигин белгиледи. Ошондой эле, ар бир жетекчи жооптуу болгон аймактарда демилге көтөрүп, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, аксакалдар, жаштар кеңештери, социалдык бөлүмдөр жана башка жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге эл арасында коомдук тартипти бекем сактоо максатында түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүнү тапшырды.

“Кайсы жетекчи, эмне маселе менен элге жолукту, кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча кандай аракеттерди көрүп жатат, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө канчалык деңгээлде иш-чараларды алып барды деген бардык маалыматтар бизде бар. Өз ишине салкын мамиле жасаган, элдин көйгөйүн угуудан качкан, тапшырмаларды аткарбаган жетекчилерге катуу чараларды көрөбүз. Коомчулукка жолугушуу учурунда, мыйзам баарына бир тең жана эч кандай укук бузууларга жол берилбей тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек туура жеткириңиздер”,-деп ИИМ башчысы жетекчилик курамга кайрылды.

Андан сырткары, Улан Ниязбеков 2023-жылды ийгиликтүү жабуу боюнча негизги беш багыттан турган иш-чараларды белгиледи:

Биринчи багыт: Быйылкы жылы жана мурдагы жылдары катталган кылмыштардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн.

Экинчи багыт: Коомдук коопсуздукту камсыздоо, эл арасында резонанс жараткан кылмыштарды, окуяларды алдын алуу жана жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жакшыртылсын.

Үчүнчү багыт: Коомчулуктун аярлуу катмары болуп эсептелген аялдарга, жаш балдарга жана өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга, анын ичинде зомбулуктун баардык түрүнө бөгөт коюу, алдын алуу жумуштары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн.

Төртүнчү багыт: Уюшкан кылмыштуу топторго, баңги кылмыштарына, уурулуктарга, алдамчылыктарга жана элдин турмуш тиричилигине терс кесепетин тийгизген кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам иш-чаралар алып барылсын.

Бешинчи багыт: Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда рейддик иш-чаралар тынымсыз өткөрүлсүн.

Жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча негизги жумуштар колго алынсын.Адам өлүмү менен коштолгон унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча, кырсыктардын келип чыгуу себептерин алдын ала тактап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге таасирдүү коопсуздук чаралары ишке ашырылсын.

Кылмыштарды каттоо менен гана алектенбестен, кылмыштын бетин ачуу, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл.

Кайгуул-күзөт кызматтарынын, аймактык тескөөчүлөрдүн, жаш өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчүлөрдүн, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин, милициянын көчмө кабылдамаларынын аткарган жумушун, региондогу биринчи жетекчилер катуу көзөмөлгө алыңыздар.

Функционалдык милдеттерди аткаруу боюнча ырааттуу ишмердик жүргүзүлбөй, күнүмдүк иштер менен гана алектенип, динамикалуу көрсөткүчтөргө көңүл бурулбагандыктан кемчиликтер орун алып жаткандыгын баса белгилейм.

Мындан ары, чейректик көрсөткүчтөргө эмес, ар бир айдын, керек болсо ар бир жуманын көрсөткүчтөрүн карап, ошого карата баа беребиз”,-деди сөзүн жыйынтыктап жатып ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *