2023-жылдын 28-августунда достукту жана кызматташтыкты бекемдөө максатында Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармерия жана жээк күзөтү Академиясынын кадрларды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы генерал-майор Өзлем Йлмаз баштаган делегация Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына иш сапары менен келди.

Жолугушуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ачып,   жакынкы мезгилде Түркия мамлекетинде орун алган жер титирөөдөн көзү өтүп кеткен боордошторду бир мөөнөттүк  эскерүү менен башталды. Андан соң башчы, жалпы түрк элин Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100-жылдыгы жана Өзлем Йлмазды жаңы кызмат орду менен куттуктады.

Өз сөзүндө Тариель Абитов: “Сиздер менен кызматташтыгыбыз күндөн-күнгө бекемдеп, жогорку жыйынтыктарды берип жатат. Өзгөчө кадрларды даярдоо багытында кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин. Бүгүнкү күндө 6 курсант сиздердин Академиядан, дагы 5 курсант Түркия Республикасынын ИИМдин Академиясынан билим алууга жөнөп жатат. Сиздердин бул достук кадамыңыздар  жакшы гана таасирлерди жана эмоцияларды калтырып, жемиштүү кызматташуу үчүн багыттарды аныктоого мүмкүндүк берет деп ишенем” –деди.

Ал эми генерал-майор Өзлем Йлмаз генерал наамын жана жаңы кызмат ордуна дайындалгандагы эң алгачкы иш-сапары дал ушул Кыргыз Республикасынан башталганына кубанып жатканын билдирди. Ошондой эле Түркия мамлекетинен билим алууга кетип жаткан курсанттарга татыктуу билим берип, мыкты кызматкерлер болуп чыгышына бардык аракетибизди жумшайбыз деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты мындан ары да арттырууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине жогорку билимдүү адистерди даярдоо жана ИИОнун кызматкерлерин окутуу жаатында тажырыйба алмашуу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн жогору белгилеп, биргелешкен долбоорлорду мындн ары да ишке ашыра берүүнү макулдашышты.

Соңунда, коноктор ИИМдин Академиясынын музейин көрүп, эскерүү китепчесине каалоо-тилектерин калтырышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *