Милициянын ага лейтенанты Адилет Акынали уулу 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын ийгиликтүү аяктап, Түркия Республикасынын Полиция академиясынын ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билимин улантып,  ийгиликтүү аяктагыны үчүн Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колунан диплом жана сертификат алган.

Аны менен токтоп калбастан билимин тереңдетүү максатында ушул эле окуу жайдын “Эл аралык коопсуздук” бөлүмүндө магистратурада окуп жаткан кези.

Кышкы эс алуу убагында өз мекенине келген Акынали уулу Адилет, биринчилерден болуп, учкан уясына баш багып, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов менен жолугуп, окуу иштери боюнча  маектешти. Андан соң курсанттар менен жолугуп, өзү тууралуу, аз да болсо ийгилик менен басып келе жаткан жолу жөнүндө айтып, топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Ата Мекенин, анын ичинде билим уясын сагынып калган улук лейтенант бир сааттан ашык курсанттар менен кеп курду. Курсанттар кызыктырган суроолорун берип, агасына ийгиликтерди каалашты.

Акынали уулу Адилет Түркия Республикасынын ИИМ Академиясында окуп жатып Европадагы мамлекеттерде өткөн окуу курстарына барып келгенин. Ал жакта бир топ ири мамлекеттин полиция кызматкерлери менен тааанышып, пикир алышуу учурунда кайсы жерде болбосун милиция кызматкеринин жумушу абдан жоопту экенин өсүп келе жаткан муунга айтып өттү. “Биз бул жактан өнүккөн мамлекеттерди көрүп суктанаганыбыз менен ал жакта бизден да оор кылмыштар, кырсыктар болуп турат экен. Кайсы улуттун полициясынан сураба баардыгы кызматтын абдан оор, коопту ошол эле учурда жоопту экенине айтышат. Андыктан биз ушул кесипти тандаган соң, элибиздин алдында берген антыбызга бек туруп, кызматыбызды так жана өз убагында аткара билели. Ал үчүн билимдин орду абдан чоң. Мен окууну аяктап, магистратуранын бирин бүтүп экинчисин окуп жатсам да күнүгө бир жаңы нерселерди үйрөнүп жатам. Ошондуктан азыркы учуруңарды текке кетирбестен агай-эжейлердин айткан кебин угуп, сабакты өз учурунда окуңуздар. Мен ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүсү экенимди сыймыктануу менен айта алам. Анткени биздин окутуучуларыбыз башка окуу жайларга салыштырмалуу абдан тажрыйбалуу жана биздин келечегибизге кайдыгер эмес инсандар. Мен Академиянын жалпы өздүк курамына терен ыраазычылыгымды билдирем” – деди. Ал эми курсанттардын “Магистратураны аяктаган соң ИИОнун кайсы тармагында кызмат өтөйсүз”–деген суроосуна – “Мен алгач Академияны бүтүп барганда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кызматында иш алып баргам. Азыр да аны улантып кетүүгө даярмын. Кайсы тармакка мени дайындаса ошол жакта кызмат өтөөгө даярмын”- деген жообун берди.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *