Бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” атуу романы боюнча спектакль окуу жайдын чоң жыйындар залына коюлду. Спектаклди Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы театрынын чыгармачыл жамааты тартуулап, ага ИИМдин Академиясынын өздүк курамы, курсанттар жана студенттер күбө болушту.

Инсценировканын автору, адабиятчы, жазуучу, журналист, драматург, сценарист Абибилла Пазылов спетаклдин башында чыгарма адамдын жаратылышын, согуш адамдардын өз колунан жаралаарын айткысы келгендигин белгилеп, өз калеминен жаралган “Бир мертебе Бишкекте” аттуу китебин ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Н. Таштан уулуна тартуулады.

Сахнада башкы каарман Арсен Саманчиндин тагдыры, сүйүүсү, чыгарманын көркөмдүгүн арттырган кайып кыз жөнүндө окуя камтылган. Уюштурулган иш-чаранын максаты — ааламга аты чыккан Ч.Айтматовдун элесинин түбөлүктүүлүгүн даңазалоо менен өсүп келе жаткан муундарга туура тарбия берүү, мекенчилдик сезимин күчөтүү, ата-бабалардын мурасын, табиятты сактоо болуп эсептелет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *