Дал ушундай максатты көздөп ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы менен биргеликте практикалык сабактарды өткөрүп жатат.

Жуманын башынан бери бүтүрүүчү курстун курсанттары жана студенттери Тергөө кызматына барып “Автоматташтырылган маалыматтык издөө тутуму “Таза тергөө” темасында сабакка катышып, лекция учурунда алган маалыматтарды жеринде кенен өздөштүрүп жатышат.

Ал эми 12-декабрда 42-топтун студенттери Тергөө кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап санарип тутуму аркылуу жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарга көзөмөлдү күчөтүү максатында негизделген «Таза тергөө» программасынын алкагында түзүлгөн автоматташтырылган маалымат издөө тутуму тууралуу кенен түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алышты.

Тергөө кызматынын өкүлдөрү маалымат издөө тутумунда-тергөө, эксперт-криминалисттик жана технологиялык маалымат кызматтарынын электрондук иш кагаздарынын ыкчам кат алмашуусунда өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, өндүрүштөн токтотулган кылмыш иштер, эксперт-криминалисттик корутундулар, кылмыш иштердин алкагында алынган буюм далил заттарды эсепке алуу жана алардын сакталышы, эски жылдардан бери архивде сакталып турган кылмыш иштери тууралуу маалыматтардын сакталышын студенттерге практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Өз учурунда студенттер кызыктырган суроолорун берип аларга түшүндүрмөлөрдү жана жоопторду алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *