2022-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсунун курсанттары жана студенттеринин арасында «Тарых» сабагынан интеллектуалдык акыл таймаш оюну болуп өттү. Иш-чара Коомдук-саясий сабактар кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Оюн 3 этаптан туруп, биринчи этапта командалар өздөрүн тааныштырып, команданын аттарын чечмелеп беришти. Экинчи этап “Суроо-жооп” форматында өтүп, тарых илиминин төрт доору жөнүндө суроолорду камтыган. Үчүнчү этапта командалар бири-биринин суроолоруна жооп беришип, жыйынтыгында биринчи орунду “Нумизмат” командасы, экинчи орунду “”Бий” командасы, үчүнчү орунду “Каган” командасы ээледи.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *