14-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 3-курсунун курсанттарына Жазык-процесс кафедрасынын демилгеси менен “Таза тергөө” автоматташтырылган маалымат издөө системасы тууралуу конок лекция уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы милициянын майору А. Мавлянов Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан тергөө сапатын жогорулатуу максатында заманбап санарип тутуму аркылуу жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарга көзөмөлдү күчөтүү максатында негизделген «Таза тергөө» программасынын алкагында түзүлгөн автоматташтырылган маалымат издөө тутуму тууралуу кенен маалымат берилди. Андан сырткары, автоматташтырылган маалымат издөө тутуму менен иштөө курсанттарга практикалык жүзүндө көрсөтүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *