19-апрель күнү, улуу рамазан айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан билим берүү боюнча факультетинин 1-курсунун студенттеринин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Студенттер Бишкек шаарында жайгашкан балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо реабилитациялык мамлекеттик борборуна барышып, жуунуучу каражаттарды, памперстерди, сүлгү жана жеке гигиеналык каражаттарды тапшырып келишти. Аталган мекеменин администрациясы ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана студенттерине рахматын айтып, ыразычылыгын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *