Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) алдындагы Инновация борборунда Кыргыз Республикасынын ИИМдн Академиясынын 4-курсунун студенттери үчүн жарандык-укуктук дисциплиналар кафедрасы тарабынан жеринде сабак уюштурулду.

Студенттерге Инновациялык борбор боюнча экскурсия уюштурулуп, алар китепкананын окуу залы, Fablab – прототиптерди жасоо жана идеяларды сыноо үчүн өндүрүштүк лабораториясы, Youth iLab – балдар лабораториясын, коворкинг аянты, заманбап технологиялары бар конференц-залдар, жолугушуу залдары жана патенттик-техникалык фонду менен таанышышты. Борбордун кызматкерлери студенттерге “Мейкатон “TOM: Кыргызстан 2022” – жаратып, дүйнөнү жакшырт!” иш-чарасы тууралуу айтып беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *