20-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кылмыш жаза укугу кафедрасы “Криминалогия” предмети боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин 4-курсунун студенттерин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына алып барып, практикалык сабак өткөрүлдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/10/556188a5-93f4-4ec4-8f0b-e6682e00afd5-768x1024.jpg)
Студенттерге ЭММКАКтын улук ыкчам кызматкери милициянын полковниги Самат Осмонов «Террористтик-экстремисттик аракеттердин кылмыштары жана алардын алдын алуу» лекциясы боюнча кенен маалымат берди.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/10/f84e8f5a-da9e-4df6-a016-77a75183c2ae-768x1024.jpg)