Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын акы төлөнүүчү негиздеги күндүзгү билим берүү факультетинин 4-курсунун студенттеринин теориялык билимин бекемдөө жана тажрыйба топтоо боюнча мамлекеттик практикага жөнөтүү алдында нускамалар өткөрүлдү.

Бүтүрүүчү курстун студенттерин ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов кышкы сессияны ийгиликтүү аяктагандыктары менен куттуктап, эс алуу күндөрүн жана алдыдагы мамлекеттик практиканы пайдалуу өткөрүүнү каалады.

“Практика-бул кызматка болгон эң башкы баскычтардын бири. Ал эми мамлекеттик практика, буга чейинки практикалардан айырмасы жогору. Ошондуктан сиздерге берилген милдеттерди так жана убагында, ыкчам аткарууга аракет кылыңыздар. Ар бир тапшырмага жооптуу мамиле жасоо керек. Анткени, мындай мүмкүнчүлүк кийин сиздерге берилбейт. Кызматка киришкенде силерге эч ким азыркыдай насаатчы болуп, жетелеп жүрүп үйрөтпөйт жана сиздерге жаңылыштык кетирүүгө да болбойт. Андыктан алган билимиңерди иш жүзүндө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып алыңыздар”-деген кеңештерин берди.

Андан соң ар бир багыт боюнча профессордук-окутуучулук курам консультацияларды өткөрүштү.

Ошондой эле студенттерге практика учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери, талаптары, милдеттери тууралуу нускамалар берилди.

Студенттердин мамлекеттик практикасы, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыктарында 2024-жылдын 5-февралынан 26-апрелине чейин өтөт.

Аларга 3 жылдан аз эмес иш тажрыйбасы бар кызматкерлер насаатчы катары бекитилип, мамлекеттик окуу программасынын

негизинде жүргүзүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *