Бүгүн, 1-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында таңкы тизилүү болуп өттү.

Ага окуу жайдын жетекчилиги, кызматкерлери, курсанттары, студентери жана угуучулары катышышты.

Саптык тизилүү Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды.

Андан соң, башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов спортто ийгиликтерди жаратып келе жаткан студенттерге жана курсанттарга “Спорттун чебери”, “Спорттун чеберине талапкер” төш белгилерин жана күбөлүктөрүн тапшырды.

Гулина Адылбекова – Аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери;

Айдин Асанов – Аскердик кармашып урушуу боюнча спорт чеберине талапкер;

Алтынай Канатбек кызы – Аскердик кармашып урушуу боюнча спорт чеберине талапкер;

Алтынай Жамалбекова – Аскердик кармашып урушуу боюнча спорт чеберине талапкер;

Баястан Өмүрзаков – Аскердик кармашып урушуу боюнча спорт чеберине талапкер;

Азат Сүйүтбеков – Аскердик кармашып урушуу боюнча спорт чеберине талапкер;

Спортчуларды татыктуу наамдары менен куттуктап жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! Сапка тизилүү салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *