23-февраль – Ата Мекен коргоочулар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы менен биргеликте курсант, студенттердин арасында улуттук оюндардын төрт түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Катышуучулар спорттун аркан тартыш, чүкө атуу, кыргыз күрөш жана оор көтөрүү түрлөрү боюнча ат салышып, жыйынтыгында командалык эсепте биринчи орунга акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсу, экинчи орунга бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсу, үчүнчү орунга акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсу ээ болушуп, кубоктор жана дипломдор менен сыйланышты. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору У.Т. Эралиев кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын сактоого жана улуттук оюндардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилигине ыраазычылык катын тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *